Израилдин кол салуулары уланып жатат

Күчөгөн чыңалууда көбү балдар 13 миңге жакын палестиналык каза болду.

2066164
Израилдин кол салуулары уланып жатат

Израилдин согуштук учактары, Газа тилкесине кол салуулардын 45-күнүндө да шаардын ар кайсы жерлерин бомбалоону улантты.

Израиль учактарынын Индонезия ооруканасынын айланасын катуу бомбалоосунан алгачкы маалыматтарга караганда 8 киши каза болуп, 2си дарыгер ондогон киши жараланды.

Бомбалоодон улам оорукананын экинчи кабаты чоң зыянга учурады.

Ооруканага кургактыктан да чыныгы ок атылып, тегереги замбиректер менен аткыланганы жарыяланды.

Палестинанын WAFA маалымат агенттиги кабарлагандай, Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын түндүк-батышындагы аба соккуларынан да ондогон адамдар набыт болду.

Хан Юнустун чыгышындагы Бени Сехила жергесин, ошондой эле Газанын түштүгүндөгү Зейтун жана Сахра кыштактарын бутага алган Израилдин артиллериялык бөлүктөрүнүн аткылоолорунуун натыйжасында да каза болгондор жана жаралангандар бар.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.

Күчөгөн чыңалууда көбү балдар 13 миңге жакын палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар