Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Палестинанын расмий WAFA агенттигинин кабарына караганда, Израилдин согуштук учактары Хан Юнус жана Нусайрат лагерлерине катуу кол салышты.

2065986
Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Израилдик учактардын Газадагы Хан Юнус жана Нусайрат лагерлерин бомбалоосунда 15 палестиналык каза болуп, ондогон киши жараланды.

Палестинанын расмий WAFA агенттигинин кабарына караганда, Израилдин согуштук учактары Хан Юнус жана Нусайрат лагерлерине катуу кол салышты.

Израилдик согуштук учактардын Нусайрат лагериндеги Зухд үй-бүлөсүнүн үйүн бомбалоосунда 13 палестиналык каза болуп, ондогон киши жараланды.

Хан Юнус аймагында, Европа ооруканасынын жанында жайгашкан Абу Акер үй-бүлөсүнө таандык үйдүн бомбаланышынын натыйжасында бир аял баласы менен каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Аль-Акса каналынын Telegram эсебинен жасалган билдирүүгө караганда Израилдин согуштук учактарынын Нусайрат жана Эл-Бурейж лагерлерине жасаган кол салууларында 31 палестиналык каза болуп, ондогон киши жараланды.

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндөгү Тель-эз-Затер аймагындагы мечиттерге жана үйлөргө карата кол салууларынан да каза болгондор жана жаралангандар болду.

Израилдин согуштук учактары жана артиллериялык бөлүктөрү түнү бою шаардын Зерка жана Жабалия аймактарына катуу кол салышты. Кол салууда көп сандаган үй урап, каза болгондор жана жарадар болгондор да болду.

Израиль армиясы Газанын «коопсуз аймак» деп жарыялаган түштүк бөлүгүнө да кол салууда.

Газадагы өкмөттүн басма сөз кызматы да Израиль Газа тилкесинин түштүгүнө карай «коопсуз» деп жарыялаган жолдордо жер которгон жүздөгөн палестиналыктардын сөөгүн көрсөткөн сүрөттөрдү жарыялады.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары 7-октябрдын таңында «Израилдин палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Масжид-и Аксага каршы тынымсыз бузууларына жооп берүү» деген негиз менен кеңири чабуулун баштаган.  Израиль армиясы да Газа тилкесине катуу абадан сокку уруп, бомбалоону баштаган.

Израилде 7-октябрдагы кол салууларда 1200 израилдик каза болгону, 5 миң 132 кишинин жараланганы жарыяланды.

Израил армиясынын маалыматына караганда, 7-октябрдан бери 380 израилдик аскер набыт болду, алардын 59у Газадагы, 6сы Ливан чек арасындагы кагылышууларда.

Израилдин маалыматына караганда, Кассам бригадаларынын колунда 239 израилдик туткун бар.

Газа өкмөтүнүн маалыматына караганда, 7-октябрдан бери Израилдин кол салууларында Газа тилкесинде 12 миң 300 киши, анын ичинде кеминде 5 миң бала жана 3 миң 300 аял каза болду.

7-октябрдан бери оккупацияланган Батыш Шериада жана Кудста Израиль күчтөрү менен жөөт отурукташкандардын кол салууларынан 214 палестиналык каза болду.

8-октябрдан бери чек арада Израиль армиясы менен Хизбуллахтын ортосунда болгон кагылышууда 76 Хизбуллах мүчөсү жана 6 израилдик аскер каза болду.



Тектеш кабарлар