Түркиядан Газага дары-дармек жана медициналык буюмдарды ташыган учак Египетке жетти

Медициналык топ Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен түзүлгөн пландардын алкагында жарадарларды дарылоодо иш алып барат.

2064898
Түркиядан Газага дары-дармек жана медициналык буюмдарды ташыган учак Египетке жетти

Түркиядан Газага дары-дармек жана медициналык буюмдарды ташыган, ичинде 9 саламаттыкты сактоо кызматкери бар аскерий учак Египеттин Эль-Ариш аэропортуна конду.

Кайсери аэропортунда 23 үкөк дары-дармек жана медициналык буюмдар жүктөлгөн, арасында адис дарыгерлер жана медайымдар да болгон 9 саламаттыкты сактоо кызматкерин ташыган Улуттук Коргоо министрлигине таандык учак Эль-Ариш аэропортуна жетти.

Медициналык топ Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен түзүлгөн пландардын алкагында жарадарларды дарылоодо иш алып барат.

Газага жеткирилиши үчүн ушул убакка чейин 10 учак менен 230 тонна гуманитардык жардамды Египетке жеткирген Түркия, аймакка медициналык кызматкерлерди да жиберди.

Түркиянын дары-дармек, медициналык шаймандар, 8 талаа ооруканасы, 20 тез жардам унаасы жана медициналык керектелүүчү буюмдар менен бирге 50 контейнер жана 660 тонна жардам ташыган кемеси да Эль Ариш портуна жеткен. 



Тектеш кабарлар