Мексиканын Акапулько шаарын «Отис» бороону уруп өттү

Бороон шаарды уруп өткөндөн кийин көчөлөр жана проспектилер эмеректерге, тиричилик буюмдарына жана таштанды баштыктарына толуп калгандыктан, аймактын тургундары эпидемия коркунучу жана жагымсыз жыт менен күрөшүп жатышат.

2063387
Мексиканын Акапулько шаарын «Отис» бороону уруп өттү

Мексиканын түштүгүндөгү Акапулько шаарында «Отис» бороонунан улам 50дөн ашуун адам каза болду.

Бороон шаарды уруп өткөндөн кийин көчөлөр жана проспектилер эмеректерге, тиричилик буюмдарына жана таштанды баштыктарына толуп калгандыктан, аймактын тургундары эпидемия коркунучу жана жагымсыз жыт менен күрөшүп жатышат.

Өкмөт тарабынан жасалган билдирүүдө миңдеген аскерлердин Акапулькону тазалоого жардам берүү үчүн дайындалганы билдирилди.

Чогулган таштанды эпидемияга алып келиши мүмкүн деген кооптонуу менен бийликтен жардам сураган жергиликтүү эл таштандыларды жана урандыларды тез арада тазалоону каалайт.

Болжол менен 900 миң кишиге таасири тийген «Отис» бороонунан 50дөн ашуун адам каза болуп, чоң материалдык чыгымга учуратты.

Президент Андрес Мануэль Лопес Обрадор оорулардын алдын алуу үчүн шаар дезинфекцияланып, таштандылар кыска убакытта жок кылынарын убада кылды.

Мексиканын туристтик шаары Акапулькодо 26-октябрда 5-категорияга көтөрүлгөн жана «кыйраткыч болушу мүмкүн» деп эскертилген «Отис» бороонунан улам болуп көрбөгөндөй табигый кырсык болду.



Тектеш кабарлар