Дүйнө жүзүндөгү карапайым элдер Газага колдоо митингдерин өткөрүшүүдө...

Израилдин Газадагы мыкаачылыгына дүйнөнүн төрт бурчунан реакциялар күч алууда.

2063398
Дүйнө жүзүндөгү карапайым элдер Газага колдоо митингдерин өткөрүшүүдө...
filistin destek.jpg

Израилдин Газадагы мыкаачылыгына дүйнөнүн төрт бурчунан реакциялар күч алууда.

Англиянын борбор шаары Лондондо дагы бир жолу Палестинаны колдогон демонстрациялар өттү.

Газадагы адамдык трагедияга реакция кылган он миңдеген адамдар Лондондун көчөлөрүн кайрадан толтурду.

Демонстранттар Гайд-паркка чогулуп, Лондондогу Америка Кошмо Штаттарынын элчилигине чейин барышты.

«Оккупацияны токтоткула» жана «Израилге каршы санкцияларды ишке ашыргыла» деген жазууларды көтөргөн демонстранттар Израиль башкаруучулугуна реакция көрсөтүштү.

Лондон полициясынан эки миң полиция кызматкери нөөмөттө турган жүрүштө Палестинага колдоо көрсөтүү үчүн кийлигишүүнү каалаган кээ бир ашынган оңчул топторго коопсуздук кызматкерлери тоскоол болду.

Окуялар учурунда 126 адам кармалганы белгилүү болду.

Франциянын борбору Париждеги Республика аянтына чогулган демонстранттар Улут аянтына жөө басышты.

Демонстранттар ок атышууну токтоосуз токтотууга чакырып, «Эркин Палестина» ураандарын чакырышты.

Палестинанын тарапкерлери өлкөнүн Лион жана Лилль шаарларында да демонстрацияларды өткөрүп, аймактагы кагылышууларды токтотууну талап кылышты.

Германиянын борбор шаары Берлинде миңдеген адам Газадагы палестиналыктарга карай кол салууларга каршылык көрсөтүштү.

Израилдин Газага кол салууларына каршы чыккан демонстранттар «Жашасын Палестина», «Израиль бомбалоодо, Германия каржылап жатат», «Палестинага эркиндик» сыяктуу ураандарды чакырышты.

Бельгияда миңдеген адамдар Палестинаны колдоо үчүн көчөгө чыгышты.

Баш калаа Брюсселде уюштурулган демонстрацияда Израилдин кыргынына нааразылык билдирилип, ок атышпоо жарыяланды.

Испанияда миңдеген адам Барселона-Франция вокзалында чогулуп, Палестинага колдоо көрсөтүү акциясын уюштурушту.

Испания 1-Футбол лигасынын (Ла Лига) 13-жумасында кечээ ойнолгон Атлетик Бильбао-Сельта Виго беттешинде Палестинанын желектери илинип, таблодон тынчтык чакырыктары жасалды.

Австриянын борбору Венада миңдеген демонстранттар Израилдин Газа тилкесине кол салууларын токтотуу үчүн жүрүшкө чыгышты.

Баш калаанын эң кыймылдуу көчөлөрүнүн бири болгон Мариахилфер Штрасседе чогулган демонстранттар Палестинанын желектери менен бирге «Газада геноцидге каршыбыз», «Эркин Палестина», «Дароо ок атышпоо» жана «Канкор Нетаньяху» деген жазууларды көтөрүп жүрүштү.

Австралиянын Сидней шаарында жүздөгөн палестин тарапкерлери чогулуп, «Израилге курал ташыган» делген жүк ташуучу кеменин портко келүүсүнө тоскоол болушту.

Колдорунда Палестинанын желектери болгон демонстранттар кемени портто көрүүнү каалабайбыз деген ураандарды чакырып жатышты.

Швейцариянын Женева шаарындагы Парк Де Кропетс аянтына чогулган миңдеген киши Израилдин Газага кол салууларына нааразылык билдирип, Бириккен Улуттар Уюмунун Женева кеңсесинин алдында басышты.

Палестинанын желектерин көтөргөн демонстранттар «Газага каршы геноциддин алдын алууну» талап кылышты.

Активисттер англис, француз жана араб тилдеринде Палестинаны колдоо ураандарын чакырып, «Газада ок атышууну токтотууга» чакырышты.

Тунисте да эл Израилдин кыргындарына унчукпай калган жок.

Баш калаа Тунистин борборунда жайгашкан Тунис шаардык театрынын алдына чогулган демонстранттар Газада тез арада ок атышпоо жана гуманитардык жана медициналык жардамдарды жеткирүү үчүн Рефах чек ара капкасынын ачылышын талап кылган ураандар менен чыгышты.



Тектеш кабарлар