Энтони Блинкен кесиптеши Пак Жин менен Түштүк Кореянын борбору Сеулда жолугушту

Жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Блинкен Түндүк Корея менен Россиянын бири - бирине аскердик колдоо көрсөткөндүгүн айтты.

2062566
Энтони Блинкен кесиптеши Пак Жин менен Түштүк Кореянын борбору Сеулда жолугушту

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түндүк Корея менен Россиянын бири-бирине аскердик колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

Энтони Блинкен кесиптеши Пак Жин менен Түштүк Кореянын борбору Сеулда жолугушту.

Жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Блинкен Түндүк Корея менен Россиянын бири - бирине аскердик колдоо көрсөткөндүгүн айтты.

Блинкен : "Түндүк Кореянын Украинадагы агрессиясын улантуусу үчүн Россияга каршы аскердик каражат бергендигин, Россиянын да аскердик программалары үчүн Түндүк Кореяга технология жана колдоо бергендигин көрүп жатабыз. Негизги тынчсыздантуучу нерсе бул",- деди. 

Блинкен Пак менен өткөргөн жолугушууда Россиянын Түндүк Кореяга аскердик технологиялык колдоосун алдын алууга карата чараларды да карап чыгышкандарын айтты. 

Россиянын Украинаны басып алуусуна колдоо көрсөткөн Түндүк Корея жана өлкөлөргө каршы кызматташууну уланта тургандарын белгилеген Блинкен Кытайдын Түндүк Корея менен "өзгөчө" карым  - катнашынын бар экендигин айтты. 

Пекинге Түндүк Корея тууралуу жоопкерчиликти алууга чакырган  америкалык министр : "Кытайдын бул  жоопкерчиликти Кореяны бул жоопкерчиликсиз жана коркунучтуу мамилесинен куткаруу ролун ойноо үчүн колдонуусун күтүп жатабыз",- деди. 

Түштүк Кореянын Тышкы иштер министри Пак болсо Түндүк Корея жана Россиянын аскердик кызматташуу жана Түндүк Чыгыш Азиядагы чыңалууну күчөткөн  курал келишимдеринин Кытайдын кызыкчылыгына кызмат кылбай тургандыгын баса белгиледи. 

Пак : "Түштүк Корея жана АКШ Кытайды бул коркунучтуу кыймылдардын ишке ашашын алдын алууда роль ойноо үчүн аракет кылат",- деди.  



Тектеш кабарлар