Суданда 3 миллион бала жер которду

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуунун 200-күнүнө байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2061463
Суданда 3 миллион бала жер которду

Суданда 15 - апрелде башталган кагылышуулардан бери 3 миллион бала үй-жайын таштап жер которгондугу кабарланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосундагы кагылышуунун 200-күнүнө байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө эл аралык  коомчулук жана кагылышкан тараптардын аракеттерин арттыруу менен "күн сайын кыйынчылык тартып жаткан миллиондогог балдардын жана үй - бүлөнүн" маселесин чечүү үчүн жол издөөсү керектиги баса белгиленди.

Билдирүүдө : "Судан  азыркы учурда дүйнөдө жер которуу кризисине сахна болууда. Суданда 3 миллион бала коопсуздук, тамак-аш, саламаттыкты сактоо жана баш калкалоочу жай үчүн жер которууда",- деп айтылды.

Билдирүүдө 14 миллион баланын чукул гуманитардык жардамга муктаж экени белгиленди.

"Судандагы миллиондогон баланын кайгысы жана өлүмүн  унутулган гуманитардык кырсык болушуна жол бере албайбыз",- деп айтылган  билдирүүдө балдардын эл аралык коомчулуктун колдоосуна жана тынчтыкка муктаж экени баса белгиленди.

Судан Адам Укуктары Обсерваториясынын  маалыматына караганда, 15 - апрелде башталган жана зомбулуктар  менен уланып жаткан  кагылышууларда болжол менен 10 миң адам каза болуп, 25 миллион судандык гуманитардык жардамга муктаж жана 5,4 миллион адам  үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

Судандын Эгемендик кеңешинин төрагасы жана армия командири генерал Абдулфеттах аль-Бурхан 6-сентябрда мамлекетке каршы чыккан, жарандарга каршы олуттуу мыйзам бузууларды жасаган жана өлкөнүн инфраструктурасын атайылап саботаж кылган деген жүйө менен аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүн токтотуу чечимин чыгарды.

Бурхан эл аралык коомчулукту апрель айынын ортосунан бери армия менен тирешип жаткан Ыкчам колдоо күчтөрүн «террордук топ» катары кабыл алууга чакырган.

 



Тектеш кабарлар