Лавров: «Англосаксондор согушка май тамызууда»

Лавров борбор шаар Москвада ачылган «Орусия» эл аралык жарманкесинин алкагында катышкан онлайн конференцияда актуалдуу темаларга байланыштуу билдирүү жасады.

2061104
Лавров: «Англосаксондор согушка май тамызууда»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров англосаксондор Жакынкы Чыгышты чоң согуштун босогосуна чейин сүйрөп барганын айтып: «Бул мамиле башка аймактарда, анын ичинде Украинада да байкалат»,- деди.

Лавров борбор шаар Москвада ачылган «Орусия» эл аралык жарманкесинин алкагында катышкан онлайн конференцияда актуалдуу темаларга байланыштуу билдирүү жасады.

Жакынкы Чыгыштагы абалга токтолгон Лавров: «Англосаксондор Жакынкы Чыгышты чоң согуштун босогосуна сүйрөгөнүн көрүп турабыз. Бул мамиле башка аймактарда да, анын ичинде Украинада да байкалат. Буга окшогон мисалдар көп, бирок натыйжасы бирдей. Ирак менен Ливиядагыдай мамлекеттик түзүлүш жок кылуу же алсыратуу. Муну Сирияда да жасоого аракет кылышты. Мындай саясаттын башка кесепеттери терроризм менен экстремизмдин күчөшү, элдин тагдырынын начарлашы, үй-бүлөлөрдүн бузулушу, миллиондогон качкындардын агымы»,-деп айтты.

батыш өлкөлөрү ар кайсы аймактарда башаламандык, өлкөлөр жана элдер ортосундагы кагылышууларды, этностор аралык жана диндер аралык карама-каршылыктарды жаратууга аракет кылып жатканына токтолуп Министр Лавров: «Батыш өз көйгөйлөрүн башка өлкөлөр аркылуу чечип, башкалардын ресурстарын пайдаланууну адат кылып алган»,-деди.

Орусиянын министри, НАТОнун келечеги тууралуу суроого: «НАТО - бул өткөндүн калдыгы. НАТО түзүлүү себебин жоготкондон кийин дагы жашай бербеш керек болчу. Бул жерде мен Советтер Союзу менен Варшава келишимин айтып жатам. Бул кайгылуу, бирок алар кыйрайт деп ойлойм. Гегемонияны бардыгына ушунчалык ойлонбой жана өжөрлүк менен таңуулоого болбойт.. Заман өзгөрдү»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар