Израилдин коргоо министри маалымат берди

Галлант Израилдин түндүгүндөгү Ливан чек арасында иликтөөлөрдү жүргүзгөн кийин өткөргөн маалымат жыйынында билдирүү жасады.

2060479
Израилдин коргоо министри маалымат берди

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант армиянын Газа шаарына түштүктөн да, түндүктөн да кол салып калк жашаган аймактарга киргенин айтты.

Галлант Израилдин түндүгүндөгү Ливан чек арасында иликтөөлөрдү жүргүзгөн кийин өткөргөн маалымат жыйынында, Газа тилкесин абадан бомбалоо жана кургактыктан кол салууларга байланыштуу баа берди.

Израиль күчтөрүнүн Газада палестиналык каршылык көрсөткөндөр менен катуу кагылышканын белгилеген Галлант, Израиль армиясынын «Газа шаарына түштүктөн да, түндүктөн да кол салып, калк жашаган аймактарына киргенин» билдирди.

Израилге каршы кол салуулардан «Хамас жетекчилигинин» жооптуу экенин баса белгилеген Галлант: « (Хамастын Газадагы лидери) Яхья Синварга жетип, аны жок кылабыз. Газалыктар ага бизден мурда жетсе, согушту кыскартат»,-деп айтты.

«Согуштун аягында Газада Хамас калбайт» деген израилдик министр: «Израиль менен АКШ бул темада координацияда иштеп жатышат. Газадан Израилге мындан ары коопсуздук коркунучу болбойт жана Израиль Газада башын көтөргөн адамга каршы каалаган коопсуздук чараларын көрүү темасында абсолюттук эркиндикке ээ болот»,-деди.

Галлант өлкөсүнүн «Хизбулла менен согушууга ниети жок экенин», бирок Израилдин Аба күчтөрүнүн бардык ыктымалдуу жагдайга даяр экенин билдирди.

Галлант эгер Хизбулланын лидери Хасан Насралла “жаңылыштык кетирип” согушка барууну чечсе, “Ливандын тагдырын чечерин” айтты.



Тектеш кабарлар