Блинкен: «Ок атышпоо Газада Хамастын «кайра топтолушуна» алып келет»

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Египеттин тышкы иштер министри Самих Шукри жана Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

2060436
Блинкен: «Ок атышпоо Газада Хамастын «кайра топтолушуна» алып келет»

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ок атышпоо гуманитардык кризистин туу чокусуна жеткен блокададагы Газада Хамастын "кайра топтолушуна" алып келерин айтты.

Блинкен, Египеттин тышкы иштер министри Самих Шукри жана Иорданиянын тышкы иштер министри Иорданиянын, Египеттин, Сауд Аравиянын, Катардын жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) тышкы иштер министрлери жана Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун аткаруу комитетинин башкы катчысы менен жолугушуусунан кийин. Египеттин тышкы иштер министри Самих Шукри жана Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Блокада астындагы Газадагы ок атышпоо чакырыктарынын Хамастын «кайра чогулуусуна» себеп болоорун айткан Блинкен : «Эми ок атышпоо Хамастын кайрадан күчкө ээ болушуна жана 7-октябрда кылганын кайталоого мүмкүндүк берет»,-деди.

Ал эми Блинкен кагылышууларда гуманитардык тыныгуу берүү карапайым калкты коргоодо жана чет элдик жарандарды аймактан чыгарууда «критикалык» механизм боло аларына ишенерин белгиледи.

Блинкен Израилдин Газага карай кол салууларын аймакта туруктуу тынчтык жана коопсуздукту камсыздай тургандай түрдө чечүүгө аракет кылууну уланта тургандарын айтты.

Жолугушууда жаңы фронттун ачылышына бөгөт коюу боюнча макулдашкандарын белгилеген Блинкен, күн сайын 100дөн ашуун гуманитардык жүк ташуучу унаанын Рефах чек ара капкасынан Газага киргенин, бирок мунун «жетиштүү эмес» экенин моюнга алып, жардам жеткирүүнү тездетүү үчүн  кадамдар жасала турганын айтты.

Жолугушууда палестиналык жарандардын корголушу керектигине басым жасалганын белгилеген Блинкен : «Израиль жарандардын курман болушуна жол бербөө үчүн бардык чараны көрүшү керек»,-деп айтты.

Блинкен бирден-бир жашоого жарамдуу чечим эки мамлекеттүү чечим экенин баса белгилеп«Израиль жана Палестина мыйзамдуу укуктарын ишке ашыруу менен алар бирдей коопсуздукка, мүмкүнчүлүк эркиндигине жана өз мамлекетинде татыктуу жашоого укуктуу», - деди.



Тектеш кабарлар