Россиянын CTBTни бекитүүнү кайра алышына АКШ менен Европа Биримдиги каршылык көрсөттү

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бул чечимди эл аралык курал-жарактарды көзөмөлдөө режимине болгон ишенимге доо кетире турган “туура эмес багыттагы кадам” деп мүнөздөдү.

2060002
Россиянын  CTBTни бекитүүнү кайра алышына АКШ менен Европа Биримдиги каршылык көрсөттү

Россиянын президенти Владимир Путиндин өлкөсүнүн Кенен түрдөгү өзөктүк сыноолорго тыюу салуу келишиминдеги  (CTBT) бекитүүнү кайра алган жарлыкка кол коюшуна каршылык көрсөтүлдү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бул чечимди эл аралык курал-жарактарды көзөмөлдөө режимине болгон ишенимге доо кетире турган “туура эмес багыттагы кадам” деп мүнөздөдү.

АКШнын мамлекеттик катчылыгы  web баракчасынан : "Россиянын өзөктүк  куралдардын сыналышы жана CTBT тууралуу сөздөрүнүн жоопкерчиликсиз экендигин баа белгилөөнү улантабыз. Бул Москванын өзөктүк тобокелдиктерди жана чыңалууну күчөтүү боюнча кооптондурган жана туура эмес аракеттеринин уландысы",- деп билдирди.  

Кремлдин чечимине  Европа Биримдигинен каршылык көрсөтүлдү.

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел бул чечимдин өкүнүчтүү экендигин айтып, Россияны келишимдин максаттарына жана милдеттерине ишенимдүү болууга чакырды.

СТБТ Россия  менен АКШ тарабынан 1996 - жылы  Нью - Йорк шаарында кол коюлуп, 4 жылдан кийин Россия  тарабынан бекитилген. 

 

 



Тектеш кабарлар