Израиль "Шати" качкындар лагерин бомбалай турганын жарыялады

Израилдин учактары, ​​качкындар лагерине эвакуация чакырыгын камтыган баракчаларды таштады.

2059639
Израиль "Шати" качкындар лагерин бомбалай турганын жарыялады

Израиль армиясы катуу чабуулдарды баштаарын билдирип, Газанын батышындагы Аль-Шати качкындар лагеринин тургундарын «шашылыш түрдө аймакты эвакуациялоого» чакырды.

Израилдин учактары, ​​качкындар лагерине эвакуация чакырыгын камтыган баракчаларды таштады.

Брошюраларда: «Израиль армиясы Шати лагеринин тургундарын Газа тилкесинин түндүгүнөн Хан-Юнус шаарынын батышындагы Аль-Мавасинин түштүгүндө жайгашкан аймактарга тез арада кетүүсүн талап кылат» сөздөр жазылды.

Баракчаларда Израиль армиясы аймактын тургундарынан Газа тилкесинин түндүгүн түштүк менен байланыштырган Эр-Рашид көчөсү аркылуу түштүккө барууларын талап кылды.

Израиль армиясынын катуу чабуул жасай турганы жазылган баракчаларда төмөнкүдөй сөздөр орун алды:

«Убакыт бүттү. Жакынкы сааттарда биздин күчтөр ХАМАС террористтерин катуу бомбалайт. Биз дагы бир эскертүү билдирүүсү келет деп убада кылбайбыз. Аймакты дароо эвакуациялаңыздар».

Израиль армиясы буга чейин Газа тилкесинин түндүгүндөгү палестиналыктардан Газа шаарын жана анын түндүк аймактарын эвакуациялоону талап кылган.



Тектеш кабарлар