Кытайдын тайконавттар командасы жерге кайтып келди

Кытай жер орбитасына орноткон Тиенгонг (Асман сарайы) космостук станциясындагы тайконавттар командасы миссиясын аяктап, Жерге кайтып келди.

2058290
Кытайдын тайконавттар командасы жерге кайтып келди

 Кытай жер орбитасына орноткон Тиенгонг (Асман сарайы) космостук станциясындагы тайконавттар командасы миссиясын аяктап, Жерге кайтып келди.

Кытайдын учкучтуу космостук программасы агенттигинен берилген маалыматта тайконавттар Чинг Хайпин, Цу Янгку жана Гуи Хайчаону ташыган «Шинжоу-16» космостук капсуланын эртең менен Гоби чөлүндөгү Дунфинг талаасына конгондугу билдирилди.

Жер орбитасында 154 күн болгон тайконавттардын ден соолугунун жакшы экендиги билдирилди.

30 - майда «Шинжоу-16» космостук корабли учурулуп, команда ошол эле күнү станцияга жетип, миссиясын баштады.

Тиенгонг Космос станциясына жөнөтүлгөн бешинчи тайконавт тобу болгон команда 5 ай бою космосто жүрүү, 70 космостук эксперимент жана жандуу лекция иштерин  аткарды.

Команда бул тапшырманы 26-октябрда «Шинжоу – 17» спутниги  менен станцияга жөнөтүлгөн Тан Хунбо, Тан Шинджи жана Цзян Шинден турган жаңы тайконавттар командасына өткөрүп берген.



Тектеш кабарлар