Иордания Израилдин Газага кол салууларынына каршылык көрсөттү

Сафеди Кытайдын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Цай Цюн менен борбор шаар Амманда жолугушту.

2057945
Иордания Израилдин Газага кол салууларынына каршылык көрсөттү

Иорданиянын тышкы иштер министри Айман ас-Сафеди, Израилдин Газага кол салууларынын "аймакты туңгуюкка кептегенин" айтты.

Иорданиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Сафеди расмий сапарынын алкагында өлкөсүнө барган Кытайдын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Цай Цюн менен борбор шаар Амманда жолугушту.

Жолугушууда "Газадагы согушту токтотуу, жарандарды коргоо, эл аралык мыйзамдарды сактоо жана Газа тилкесине чукул гуманитардык жардам жеткирүү маселелери" талкууланды.

Сафеди Газадагы катуу согуштан улам келип чыккан гуманитардык апааттын токтотулушу керектигин баса белгилеп: "Израилдин Газага каршы согушу аймакты туңгуюкка кептеп жатат",-деди.



Тектеш кабарлар