Салоникидеги Ататүрк үйүндөгү азем

Түркиянын Салоникидеги башкы консулдугу тарабынан уюштурулган аземде Республиканын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрк баш болгон бардык шейиттер жана ардагерлер үчүн бир мүнөттүк унчукпай туруудан кийин Улуттук гимн ырдалды.

2057367
Салоникидеги Ататүрк үйүндөгү азем

Грециянын Салоники шаарындагы Ататүрк үйүнүн бакчасында Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Түркиянын Салоникидеги башкы консулдугу тарабынан уюштурулган аземде Республиканын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрк баш болгон бардык шейиттер жана ардагерлер үчүн бир мүнөттүк унчукпай туруудан кийин Улуттук гимн ырдалды.

Түркиянын Салоникидеги башкы консулу Серкан Гедик аземде сүйлөгөн сөзүндө:«Ушул өзгөчө күнү Республиканын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн руханий элесинин алдында, жашоого көзүн ачкан үйүндө болуу сыймыгын жана бакытын сезүүдөбүз»,-деди.

Ататүрк үйүн зыярат кылган жаштардын жана балдардын Республика аң-сезими жана Ататүрккө болгон сүйүүсүнүн сыймыктандырганын айткан Гедик: «Башыбыздан өтүп жаткан оор күндөр Ататүрктүн көрсөткөн багыты, б.а. «Үйдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык» саясатынын канчалык туура жана көрөгөч экенин көрсөтүүдө»,-деп айтты.

Салтанат Түркиядан келген окуучулар ырдаган «Ататүрк балдары» гимни менен аяктады.



Тектеш кабарлар