Израилден Газага кургактыктан кол салуу билдирүүсү : шарттар ылайык болгондо башталат
Израилдин коргоо министри Йоав Галлант бул тууралуу маалымат берди.
2056762
![Израилден Газага кургактыктан кол салуу билдирүүсү : шарттар ылайык болгондо башталат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7884/4f20/be74/64f048846db22.jpg?time=1718514055)
Израилдин коргоо министри Йоав Галлант блокада жана бомба астындагы Газа тилкесине кургактыктан кол салууyey “шарттар ылайыктуу болгондо” башталарын айтты.
Израилдин армия радиосунун кабарына караганда, пресс – жыйынында сөз сүйлөгөн коргоо министри Йоав Галлант Израиль күчтөрү Хамаска каршы согушта кийинки кадамдарга даярданып жатканын белгилеп : «Шарттар даяр болгондо Газада кургактык операциясы башталат»,-деди.
Согуш башталгандан 24 сааттан кийин «өзгөчө күчтүү бир бомба чабуулун баштаткандарын» айткан израилдик министр : «Уурдалган адамдарды (Хамастын колундагы туткундарды) үй - бүлөлөрүнө кайра алып келүү үчүн бардык аракетти көрсөтүүдө чечкиндүүмүн»,- деди.