Кытай космос станциясына жаңы тайконавт экипажын жөнөттү

Ракетадан 10 мүнөттөн кийин бөлүнгөн капсуланын пландалган орбитага киргени билдирилди.

2056142
Кытай космос станциясына жаңы тайконавт экипажын жөнөттү

Кытайдын Жер орбитасында курган Тиенгонг (Асман сарайы) космос станциясында кызмат кыла турган 6-тайконавт тобу жолго чыкты.

Кытайдын Адам башкарылган космостук программасы боюнча агенттигинин (CMSA) билдирүүсүнө караганда, тайконавттар Тан Хонгбо, Тан Шинжи жана Цзян Шинлинди ташыган Шинкоу-17 космос кемеси Гоби чөлүндөгү Цючуэн спутник борборунан Long March 2F менен учурулду.

Ракетадан 10 мүнөттөн кийин бөлүнгөн капсуланын пландалган орбитага киргени билдирилди.

Космос станциясына бүгүн жеткенден кийин тайконавттар тобу 30-майда Шинкоу-16 шаттл менен станцияга жөнөтүлгөн жана 5 айдан бери нөөмөттө турган 3 тайконавтты өткөрүп беришет.



Тектеш кабарлар