АКШнын Сириядагы базасына кол салуу болду

Сириянын Хасеке облусунда АКШнын күчтөрү жайгашкан аскердик базага кургактыктан кургактыкка атуучу куралдар менен 4 башка кол салуу болду.

2056006
АКШнын Сириядагы базасына кол салуу болду

Сириянын Хасеке облусунда АКШнын күчтөрү жайгашкан аскердик базага кургактыктан кургактыкка атуучу куралдар менен 4 башка кол салуу болду. 

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда АКШ армиясынын Хасекедеги Хараб Жабир аэропортундгы базасына, кургактыктан кургактыкка атуучу куралдар менен 4 башка кол салуу болду. 

Кол салууларда базалар жана айланасына ракеталардын түшкөндүгү бирок каза болгон же жаракат алгандар тууралуу маалымат берилген жок. 

Сириянын  түштүгүндө 3 күндө АКШ армиясынын Тенеф аймагындагы база менен Ирак чек арасына жакын жердеги Маликиййе районундагы Робаря базаларына, Хасеке жана Шеддади аймагындагы аскердик базаларга, кимге таандык экендиги белгисиз  куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар жана кургактыктан кургактыкка атуучу куралдар менен кол салуу болгон.

Евфрат дарыясынын чыгышындагы Дейрузор аймактары АКШ колдогон жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын басып алуусунда, провинциянын борбору жана башка айыл аймактары Асад режими менен Иран колдогон топтордун көзөмөлүндө.

Иран колдогон топтор Евфрат дарыясынын чыгыш жагындагы АКШ базаларына кээ кээде кургактыктан атуучу куралдар жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салууларды ишке ашырууда. 

 

 



Тектеш кабарлар