НАТО союздаштарынан коргонуу инвестицияларын көбөйтүүнү күтүүдө

Столтенберг Швецияда өткөрүлгөн НАТО-Коргоо НАТО-Өнөр жай форумунда сөз сүйлөдү.

2055741
НАТО союздаштарынан коргонуу инвестицияларын көбөйтүүнү күтүүдө

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, НАТОнун туруксуз дүйнөдө өзүн узак мөөнөткө даярдашы керектигин, ушул алкакта коргоо өнөр жайындагы өндүрүштү көбөйтүүнүн маанилүү экенин айтты.

Столтенберг Швецияда өткөрүлгөн НАТО-Коргоо НАТО-Өнөр жай форумунда сөз сүйлөдү.

«Кээ бир инвесторлор коргоо өнөр жайына инвестиция салуу этикага туура келбейт деген туура эмес түшүнүккө ээ», деген Столтенберг коргоо өнөр жайы болбосо эч кандай тоскоолдук, коргонуу жана коопсуздук болбой турганын билдирди.

Столтенберг: «НАТО союздаштарын коргоо үчүн курал өндүрүүдө, эркиндигибизди коргоодо, украин аскерлерине өз өлкөсүн коргоого жардам берүүдө этикага туура келбеген эч нерсе жок», деп айтты.

НАТОнун коргоо өнөр жайы менен карым-катнаштарынын өтө маанилүү экенин баса белгилеген Столтенберг: «Украинадагы бул согуш аяктагандан кийин согушка чейинки мезгилге кайтып келүү мүмкүн эмес. Азыр агрессивдүү Орусияга, алда канча бекем Кытайга жана туруксуз дүйнөгө туш болуп жатабыз. Ошондуктан биз өзүбүздү узак мөөнөттүү мезгилге даярдашыбыз керек»,-деди.

НАТО өлкөлөрүнүн ички дүң продукциясынын 2 пайызын коргонуу тармагына бөлүүсүн күткөндөрүн эске салган Столтенберг, бул көрсөткүчтүн Европа өлкөлөрүндө Кансыз согуш учурунда 3 пайыз болгонун жана акыркы жылдары 1,5 пайыздын тегерегинде калганын айтты. Столтенберг муну 2 пайызга чейин көтөрүү мүмкүн экенин белгиледи.

Баш катчы өкмөттөргө, парламенттерге жана коомчулукка коргоо өнөр жайындагы өндүрүштүн эмне үчүн көбөйтүлүшү керектигин түшүндүрүүгө аракет кылгандарын айтты.

Кыйратуучу технологиялар өнүккөн бир мезгилдин өтүп жатканына көңүл бурган Столтенберг, жасалма интеллект, автономдуу системалар, биотехнология жана квант сыяктуу өнүккөн технологиялардын бар экенин, НАТОнун технологиялык өнүгүүлөр боюнча иштерин арттырып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар