Хаменеи: "АКШ Израиль тарабынан жасалган кылмыштын өнөктөшү"

Хаменеи борбор шаар Тегеранда сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газадагы кол салууларына сереп салды.

2055752
Хаменеи: "АКШ Израиль тарабынан жасалган кылмыштын өнөктөшү"

Ирандын лидери Али Хаменеи Израилдин Газадагы адам өлтүрүүсүнө АКШнын өнөктөш экенин айтты.

Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда, Хаменеи борбор шаар Тегеранда сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газадагы кол салууларына сереп салды.

Хаменеи: «Бул окуяда АКШ (Израиль тарабынан жасалган) киши өлтүрүүгө ачык шериктеш. АКШнын колу бардык эзилгендердин канына боёлгон. Газадагы киши өлтүрүүнү ал башкарып жатат»,- деди.

Батыш лидерлеринин Тель-Авивге болгон сапарларынын артында Израилдин ыдырап, талкаланышына байланыштуу тынчсыздануу бар экенин билдирген Хаменеи, Хамастын Израилге чоң сокку урганын, Израиль башкаруучулугунун ХАМАСтан ала албаган өчүн карапайым калкты бомбалоо менен алууга аракет кылып жатканын баса белгиледи.

Газа элинин сабырдуулугуна баа берген Хаменеи: «Согушкерлер кыймылга өтүүгө даяр турушат. Алар моралдык, мотивация жана мобилдүүлүктү сактап келишкен жана сактай беришет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар