Израиль Хамастын колундагы туткундар үчүн Кызыл Крест жана Катардан жардам суранды

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн Газада Хамастын туткунундагы  израилдиктерди бошотуу үчүн Кызыл Крест жана Катардын кийлигишүүсүн талап кылды.

2055569
Израиль Хамастын колундагы туткундар үчүн Кызыл Крест жана Катардан жардам суранды

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн Газада Хамастын туткунундагы  израилдиктерди бошотуу үчүн Кызыл Крест жана Катардын кийлигишүүсүн талап кылды.

Коэн Нью - Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде өткөн жогорку деңгээлдеги Израиль - Палестина сессиясында сөз сүйлөдү.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин аль  - Кссам бригадаларынын  7 -  октябрь күнү эрте менен Израилге карата баштаган "Акса топону" деп аталган кенен масштабдуу кол салууларына токтолгон Коэн 1500дөн ашуун Хамас жана Исламдык Жихаддын мүчөсүнүн Израилдин түштүгүнө киргендигин айтты. 

Хамастын Израилге каршы кол салууларында 220дөн ашуун израилдиктин барымтага алынганын белгилеген Коэн Эл аралык Кызыл Крест комитети менен Катардын туткундардын бошотулушуна кийлигишүүсүн суранды.

Коэн : "Эл аралык Кызыл Крест комитетинен бардык барымталардын эч кандай шартсыз бошотулушу үчүн дароо кийлигишүүсүн талап кылабыз",- деди. 

Катардын "Хамастын лидерлерин каржылагандыгын жана калкалап жаткандыгын" ортого салып бул өлкөнүн барымталардын бошотулушуна мүмкүнчүлүк түзө аларын Коэн : "Сиздер , эл аралык коомчулуктун мүчөлөрү, Катардан муну аткарышын талап кылышыңыздар керек",- деди. 

Израилдин Газага кол салууларына байланыштуу жарандарды коргоо боюнча эл аралык чакырууларга да  токтолгон Израилдин министри :  "Пропорционалдык чакырууларды угуп жатам. Ок атышпоо чакырууларын угам.  Жок кылууга жана өлтүрүүгө ант берген бирөө менен ок атышпоону кантип кабыл аласың? 7 - октябрдагы кыргынга пропорционалдуу жооп берүү ХАМАСтын толугу менен жок кылынышы",- деди. 

Израилдин Тышкы иштер министри өзгөчө АКШга, АКШнын президенти Жо Байденге жана мамлекеттик катчы Энтони Блинкенге  Израилди колдогондору үчүн ыраазычылык билдирди. 

 



Тектеш кабарлар