Байден-Нетаньяху сүйлөшүүсү

Ак үйдөн берилген маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Байден Хамас тарабынан барымтадагы дагы 2 кишинин бошотулушуна канааттанганын билдирди.

2055106
Байден-Нетаньяху сүйлөшүүсү

АКШнын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ак үйдөн берилген маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Байден Хамас тарабынан барымтадагы дагы 2 кишинин бошотулушуна канааттанганын билдирди.

Байден дагы бир жолу бардык барымтадагылардын, анын ичинде АКШ жарандарынын жана Газадагы жарандардын аймактан аман-эсен чыгып кетишин камсыз кылуу үчүн аракет кылаарын айтты.

Газага гуманитардык жардамдын улануусу керектигин баса белгилеген Байден, Нетаньяхуга АКШнын Израилге аскердик колдоосу тууралуу маалымат берди.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин да израилдик кесиптеши Йоав Галлант менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Остин Газага гуманитардык жардам агымынын жана ал жердеги жарандардын корголушуна өзгөчө басым жасады.

Эки министр ошондой эле АКШнын Израилге уланып жаткан коргонуу колдоосун талкуулашты.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге каршы "Акса топону" деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирип барышкан.

Израил армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын билдирген.

Кагылышууда эки тараптан тең миңдеген өлүмдөр бар.



Тектеш кабарлар