Кассам бригадалары : Эки америкалык туткунду бошоттук

Кассам бригадасынын басма сөз катчысы Абу Убейде Tелеграмдагы билдирүүсүндө, Катардын аракетине жооп катары америкалык эне менен кызды бошотушкандарын айтты.

2053882
Кассам бригадалары : Эки америкалык туткунду бошоттук

Кассам бригадасынын басма сөз катчысы Абу Убейде Tелеграмдагы билдирүүсүндө, Катардын аракетине жооп катары америкалык эне менен кызды бошоткондорун айтты.

Абу Убейде : "Биз жасап жаткан нерсе Америка Кошмо Штаттарына жана дүйнөгө АКШнын президенти Жо Байдендин, анын фашисттик администрациясынын дооматтарынын негизсиз экендигин көрсөтүү",- деди.

Кассам бригадасынын басма сөз катчысы буга чейин колдорунда 200дөн 250гө чейин туткундун бар экендигин айткан.

Ошол эле учурда Израиль Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал  - Кассам бригадасы тарабынан бошотулган 2 америкалык туткунга байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө Израилдик туткундар жана дайынсыз жоголгондор боюнча координатор Гал Хирштин бошотулган эки туткунду Израиль армиясы жана коопсуздук күчтөрүнүн коштоосунда алып келинген Газа тилкесинде тосуп алгандыгы жана америкалык эне менен кыздын үй-бүлөлөрү менен жолугушуу үчүн аскердик пунктка кеткендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар