БУУнун комиссиясы Украинада жарандарга карата кылмаштардын уланып жаткандыгын билдирди

БУУнун Көз карандысыз Эл аралык Украина териштирүү комиссиясы жарандарга олуттуу таасирин тийгизген согуштук кылмаштар жана адам укуктарын бузуулардын улантылып жаткандыгын аныктады.

2053935

Комиссия тарабынан БУУнун Башкы ассамблеясына сунушталган отчетто орус жетекчилеринин айырмалабастан кол салууларды жасаганы, кыйноо жана зордуктоо сыяктуу согуш кылмыштарын жасаганы жана балдарды Россияга депортациялаганы тууралуу жаңы далилдерди ачыкка чыгарды.

Отчетто Херсон жана Запорожье облустарында чогултулган жаңы далилдер орус бийлигинин көзөмөлүндөгү аймактарда да кыйноо ыкмалары колдонулгандыгын көрсөткөнү айтылат.

Каралып жаткан иштерде кыйноолордун көбүнчө Украина бийлигине маалымат берген же украин армиясын колдоо менен шектелген кишилерге карата жасалгандыгы белгиленди. 

Жабырлануучулар жана күбөлөр менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөдө орус жетекчилердин адамдык ар  - намысты сыйлабагандыгы айтылган отчетто күбөлөрдүн, жабырлануучулардын кыйноодон каза болгондугу тууралуу абалдарды билдиргендиги маалымдалды. 

Херсон жана Запорожье облустарында жүргүзүлгөн акыркы иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, отчетто зордуктоо жана кыйноо кылмыштарынын чогуу жасалганы, ошондой эле  коштоочусу жок балдардын орус жетекчилери  тарабынан Россияга же Украинада оккупацияга алган  аймактарга мыйзамсыз депортациялоо фактылары да  келтирилди. 

Тектеш кабарлар