Израилде Аль-Жазира кеңселери жабылат

Израилдин КАН мамлекеттик телеканалынын кабарында, өкмөттүн «мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурган» телеканалдарды жабууга уруксат берген жоболорду бекиткени кабарланды.

2053675
Израилде Аль-Жазира кеңселери жабылат

Израиль өкмөтү Катардагы Аль-Жазира телеканалынын Израилдеги кеңсесин жабууга уруксат берген чукул түзөтүүлөрдү бекитти.

Израилдин КАН мамлекеттик телеканалынын кабарында, өкмөттүн «мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурган» телеканалдарды жабууга уруксат берген жоболорду бекиткени кабарланды.

Чечимге ылайык Израилдеги Аль-Жазира кеңселерин жабуу жана жабдууларын конфискациялоо мүмкүн экендиги белгиленди.

Кабарда израилдик жетекчилердин Аль-Жазиранын берүүлөрүнүн Израиль аскерлери менен жарандарына коркунуч туудурганын жүйө кылганы айтылды.

Израиль өкмөтүнүн чечимине байланыштуу Al Jazeera телеканалы тарабынан эч кандай билдирүү жасалган жок.

Катардагы Аль-Жазиранын Израилдеги кеңселеринин жабылышына Израилдин тышкы чалгындоо агенттиги Моссад, Израилдин байланыш министри Шломо Кархи, коргоо министри Йоав Галант жана тышкы иштер министрлиги колдоо көрсөткөнү жарыяланды.



Тектеш кабарлар