Германияда мечитке кол салуу болду

Ролиция окуя тууралуу териштирүү баштатты.

2053079
Германияда мечитке кол салуу болду

Германиянын Бохум шаарына жакын Дальхаузен шаарында Дин иштери боюнча Түрк - Ислам Биримдигине  караштуу Султан Ахмет мечитинин эшигине свастика жана Давид жылдызы символдору тартылып, терезелердин жалюзилери өрттөлүүгө аракет кылынды. 

Дин иштери боюнча Түрк-Ислам Биримдигинин Дальхаузен шаарындагы Султан Ахмет мечити коомунун төрагасы Гүнгөр Кадир Гүвен түнү мечитке жаслаган бул кол салууну багымдат намазына барган жамааттын байкагандыгын айтты. 

Оболу мечитти өрттөөгө аракет кылынгандыгын белгилеген Гүвен : "Андан кийин кире беришине  свастика жана Давид жылдызы символдору тартылган. Аракеттерге карабастан жалюзи өрттөнгөн эмес, эгерде өрттөнүп кеткенде бир апаат болмок. Мечитке жаслаган бул кол салууну катуу түрдө айыптайбыз. Кол салууну аткарган кылмышкерлердин  эртерээк кармалып жоопко тартылышын талап кылабыз",- деди. 

Ролиция окуя тууралуу териштирүү баштатты. 

 



Тектеш кабарлар