Израиль дүйнө жүзүн каратып туруп оорукананы бомбалады

Палестинанын Тышкы иштер министрлигинин Фейсбук баракчасына Израилдин кол салуусуна байланыштуу билдирүү жасалды.

2052318
Израиль дүйнө жүзүн каратып туруп оорукананы бомбалады
al ahli 10.jpg
al ahli 9.jpg
al ahli 4.jpg

Дүйнөнүн көз алдында Израилден жаңы кыргын...

Израилдин Газадагы Эль-Эхли баптист ооруканасын бомбалоосунан алгачкы эсептөөлөр боюнча 500 адам каза болду.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф эл-Кудра, Эль-Эхли баптист ооруканасын бутага алган бомбалоодо 500 кишинин каза болгонун билдирди.

Каза болгондордун көбү ымыркайлар, балдар жана аялдар.

«Баптист ооруканасынын кыргыны мурда болуп көрбөгөн жана сөз менен айтылышы мүмкүн эмес» деген баа берүүсүн жасаган Кудра Газадагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин түгөнүп баратканын жана «Дарылоо мекемелеринин чындап эле түгөнүп калганын жарыялоого бир нече саат калганын» айтты.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас окуядан кийин 3 күндүк аза күтүү жарыялады.

Ошол эле учурда Палестина Израилдин согуштук учактарынын Газадагы Эль-Эхли баптист ооруканасын бутага алуусунун «согуш кылмышы» экенин билдирди.

Палестинанын Тышкы иштер министрлигинин Фейсбук баракчасына Израилдин кол салуусуна байланыштуу билдирүү жасалды.

Билдирүүдө Израилдин согуштук учактарынын Газадагы Эль-Эхли баптист ооруканасын бутага алуу менен «согуш кылмышын» кылганы жана мунун ошондой эле адамзатка каршы кылмыш болгону белгиленди.

Израиль армиясынын Газа тилкесине 7-октябрда башталган кол салуулары уланууда.

Израиль күчтөрү Газа тилкесиндеги Чибалия аймагы менен Нусайрат качкындар лагери менен Ярмук жана Зейтун райондоруна абадан жана деңизден кол салышты. Газанын түндүгүндөгү үйлөргө абадан сокку уруулардан дагы 30га жакын адам каза болду.

Нусайрат качкындар лагеринде бир наабайкана бутага алынганы жана кол салууда кеминде 2 палестиналыктын каза болгондугу билдирилди. Зыян тарткан наабайкананын башка аймактардан лагерге баш калкалаган палестиналыктарга нан чыгарып жатканы белгиленди.

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнуска кол салуулардан бири бала болгон үч палестиналык каза тапты.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге "Акса топону" деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Кагылышуунун күчөп кетишинен улам эки тараптан тең миңдеген курмандыктар бар.



Тектеш кабарлар