Түштүк Корея - АКШ - Япония үч тараптуу байланыш линиясы

Түштүк Корея, Америка Кошмо Штаттары  жана Япония «Түндүк Кореянын аскердик коркунучунун күчөшүнө жана Кытайдын аймактагы активдүүлүгүнүн күчөшүнө» каршы үч тараптуу байланыш линиясын түзүштү.

2052206

Тема боюнча Yonhap агенттигине маалымат берген түштүк кореялык жооптуу, Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын ортосунда байланыш линиясынын курулганын жана линиянын өлкөлөрдүн техникалык адистери тарабынан сыноодон өткөндүгүн айтты.

Линиянын  "Түндүк Кореянын күчөгөн аскердик коркунучтары жана Кытайдын аймактагы активдүүлүгүнө" карата  түзүлгөндүгүн  белгилеген жетекчи  линиянын 3 өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешин бириктирип, лидерлер менен жогорку коопсуздук кызматтарынын ортосунда аудио жана видео байланышка шарт түзөрүн айтты.

Линия Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл, АКШнын президенти Жо Байден жана Япониянын премьер - министри Кишида Фумионун август айында Кэмп - Дэвиддеги саммитте “жалпы коркунучка” каршы бири-бири менен “кеңешүү милдеттенмеси” жөнүндө макулдашкандан кийин түзүлгөн. 

Тектеш кабарлар