Путин Жакынкы Чыгыш лидерлери менен сүйлөштү

Кремлден жасалган билдирүүдө Путиндин кээ бир Жакынкы Чыгыш лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

2051917
Путин Жакынкы Чыгыш лидерлери менен сүйлөштү

Россиянын президенти Владимир Путин Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, Египеттин президенти Абдель Фаттах ес - Сиси, Ирандын президенти Ибрахим Реиси жана Сириядагы режимдин лидери Башар Асад менен Израиль - Палестина кагылышуусуна байланыштуу окуяларды талкуулады.

Кремлден жасалган билдирүүдө Путиндин кээ бир Жакынкы Чыгыш лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдө  күчөгөн Израиль - Палестина кагылышуусунун талкууланганы белгиленип : «Кагылышуулардын масштабдуу күчөшү, жарандардын каза болушу апаат деңгээлинде  өсүшү жана Газа тилкесинде тереңдеген гуманитардык кризис тууралуу терең тынчсыздануу билдирилди. Муктаж болгондордун баарына шашылыш жардам көрсөтүү үчүн ок атышпоону тез арада түзүү боюнча консенсуска жетишилди",- деп айтылды.

Газадагы гуманитардык абалдын да каралгандыгы белгиленген билдирүүдө : «Путин Газадагы адамзаттык абалдын чукулдугун, дары  - дармек, жана башка маанилүү азыктарды тез арада жеткирүү үчүн тилке блокадасын алып салуу зарылдыгын баса белгилеген көз караштарды укту. Кагылышуунун  аймактык согушка айлануу ыктымалына байланыштуу олуттуу тынчсыздануулар да айтылды»,- деп билдирилди.  

Путиндин жарандарга карата зомбулуктун кабыл алынгыс экендигин баса белгилегендиги билдирилген билдирүүдө : «Чыңалуунун күчөшү Жакынкы Чыгыштагы чечүүчү жол табуу процессиндеги  узакка созулган туңгуюктан улам болгон деген пикир бар. Ушунун негизинде  Путин Палестина маселесинде узак мөөнөттүү жана адилеттүү чечимге жетишүү үчүн Израиль менен тынчтыкта ​​жана коопсуздукта бирге жашаган эгемендүү Палестина мамлекетин курууга алып баруучу саясий процессти кайра баштоо боюнча принципиалдуу позициясын дагы бир жолу кайталады»,- деп айылды.



Тектеш кабарлар