Берлин процессинин лидерлер саммити башталды
Тирана пирамидасынын имаратында өтүп жаткан саммиттин алкагында эки башка сессия өткөрүлөт.
Берлин процессинин лидерлер саммити Албаниянын борбор шаары Тиранада башталды.
Албаниянын премьер-министри Эди Рама саммитке келген лидерлерди жана конокторду борбор калаадагы Улут шейиттери бульварында тосуп алды.
Тирана пирамидасынын имаратында өтүп жаткан саммиттин алкагында эки башка сессия өткөрүлөт.
Саммитке Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө мамлекеттердин лидерлери, Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү жана Батыш Балкан өлкөлөрүнүн лидерлери катышууда.
Саммиттин алкагында Батыш Балкан аймагынын жалпы рынокко интеграциясы, Европа интеграция процесси, аймактык кызматташтык, аймактын жашыл жана санариптик трансформациясын колдоо жана башка маселелер каралат.
Сессиялардын аягында Албаниянын премьер-министри Эди Рама, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана ЕБ комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.