Швецияда Куранды өрттөгөн кишиге айып пул салынды

Ашынган оңчул адам жек көрүүчүлүк кылмышы үчүн соттолду.

2050053
Швецияда Куранды өрттөгөн кишиге айып пул салынды

Швециянын Линкёпинг шаарында 2020-жылы Ыйык Куранга кол салган ашынган оңчул адам жек көрүүчүлүк кылмышы үчүн соттолду.

Линкёпинг сотунун билдирүүсүндө, 27 жаштагы бир кишинин Курани Каримди өрттөп жаткан видеосун тартып, ага исламофобиялык музыкаларды кошуп социалдык медиада бөлүшкөндөн кийин жек көрүү кылмышын жасаганы аныкталганы жана бул адамга 800 крондук айып пул салынганы айтылды.

2020-жылдын 11-сентябрында Линкёпинг шаарында 27 жаштагы ашынган оңчул адам Ыйык Курандын үстүнө бекон койгондон кийин өрттөп, Линкёпинг мечитинин алдына таштап кеткен. Бул кол салууну видеого тарткан ашынган оңчул экстремист видеого Сребреница геноциди менен мусулмандардын массалык кыргынын мактаган ырларды кошкон. Видеону социалдык тармакка жарыялаган ашкере оңчул экстремистке каршы кылмыш иши козголгон.



Тектеш кабарлар