Керкүк-Жейхан мунай кууру

Судани Орусиянын борбор шаары Москвада өткөрүлгөн орус энергетика жумалыгынын негизги сессиясында билдирүү жасады.

2049799
Керкүк-Жейхан мунай кууру

Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа аль-Судани, Керкүк-Жейхан мунай куурунан Түркияга ташууну баштоого даяр экендиктерин билдирди.

Судани Орусиянын борбор шаары Москвада өткөрүлгөн орус энергетика жумалыгынын негизги сессиясында билдирүү жасады.

Түркияда 6-февралда болгон жер титирөөдөн улам Керкүк-Жейхан мунай кууру аркылуу ташуунун токтотулганын эске салган Судани: «Бирок жакында техникалык текшерүүлөр жүргүзүлдү жана бул да газ куурунун даяр экенин көрсөттү. Өкмөт да ташууну кайра баштоого даяр. Бул тууралуу түрк өнөктөштөрүнөн да маалымат алдык»,-деди.



Тектеш кабарлар