Палестина: "Израиль Газадагы элибизге каршы геноцид кылууда"

Палестинанын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесин бомбалоосу катуу айыпталды.

2049500
Палестина: "Израиль Газадагы элибизге каршы геноцид кылууда"

Палестина бийлиги Израилди блокададагы Газа тилкесинде жашаган палестиналыктарга каршы геноцид кылды деп айыптады.

Палестинанын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесин бомбалоосу катуу айыпталды.

Израилдин кол салууларында фосфор жана кассеталык бомбаларды да колдонгонуна көңүл бурулган билдирүүдө: "Израиль Газада элибизге каршы эл аралык тыюу салынган куралдарды колдонуу менен геноцид кылмышын кылууда",-деген сөздөр камтылды.

Газада ушул убакка чейин бүт нерсенин бомбаланганы жана жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылганы эске салынган билдирүүдө: "Кыргын, жок кылуу жана жеринен ажыратуу кылмыштары, баскынчы мамлекеттин Газа тилкесинде палестиналык жарандарга каршы геноцид кылганын билдирет. Бул, коргонуусуз жарандарды жалпы жазалоого дуушар кылган ачкачылыктын жана негизги муктаждыктарды кыскартуунун көлөкөсүндө жасалууда",-делди.

Басылып алынган Чыгыш Кудс менен Батыш Шерианын ар кайсы жерлеринде палестиналыктарга каршы жасалган кол салуулар да айыпталган билдирүүдө, Израилдин кээ бир өлкөлөрдөн алган колдоосу менен жапайы кылмыштарды жасап, Палестина маселесин жоюу боюнча өзүнүн планын ишке ашырууга аракет кылып жатканы айтылды.

Израилдин аймакта тынчтыктын ордуна согуш маданиятын таңуулоого аракет кылганын жактаган Палестинанын Тышкы иштер министрлиги, Тель-Авивдин да бул согушту Палестина элинин бар экенин жокко чыгаруу үчүн колдонгонун кабарлады.

Билдирүүдө эл аралык тараптардын Израилдин Палестина элине каршы жасаган кол салууларына кайдыгер караганына көңүл бурулуп, эл аралык коомчулукка Израилдин Газа тилкесин бомбалоосун токтотуу үчүн чукул чара көрүү чакырыгы салынды.



Тектеш кабарлар