Ооганстандагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны

Талибандын убактылуу өкмөтүнүн Табигый кырсыктар боюнча мамлекеттик министрлигинин басма сөз катчысы Молла Канан Саик учурдагы маалыматтарды бөлүштү.

2048072
Ооганстандагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны

Ооганстандын Герат аймагында ишемби күнү болгон жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 2 миң 445ке жетти.

Талибандын убактылуу өкмөтүнүн Табигый кырсыктар боюнча мамлекеттик министрлигинин басма сөз катчысы Молла Канан Саик учурдагы маалыматтарды бөлүштү.

Жер титирөөдөн 2 миң 445 кишинин каза болгонун кабарлаган Саик, 2 миң 440 кишинин да жаракат алганын айтты.

Саик каза тапкандардын көбүнүн Зиндекан районунун 13 айылында болгонун жана жер титирөөдө 1320 үйдүн да кыйраганын белгилеген.

Герат губернатору Нур Ахмед Исламкар эл аралык коомчулукка жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн чукул жардам берүү чакырыгын салып, шашылыш дары-дармек жана азык-түлүк жардамына муктаж экендиктерин билдирген.

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык изилдөөлөр кызматынын (USGS) маалыматына караганда, ишемби күнү Ооганстандын батышында, Иран менен чектеш Герат провинциясында жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00ден тарта удаама-удаа бир нече жер титирөө катталган.



Тектеш кабарлар