Хамас туткундалган израилдиктердин саны Израиль ойлогондон «бир нече эсе көп» деп ырастады

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин Кассам бригадасынын басма сөз катчысы Абу Убейде, Акса телекөрсөтүүсүнө берген маалыматында, Месжид-и Аксаны жана палестиналык туткундарды коргоо үчүн башталган «Акса топону» чабуулунун уланып жатканын айтты.

2047848
Хамас туткундалган израилдиктердин саны Израиль ойлогондон «бир нече эсе көп» деп ырастады
gazze saldiri.jpg

Хамас туткундалган израилдиктердин саны Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху ойлогондон «бир нече эсе көп» деп ырастады.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин Кассам бригадасынын басма сөз катчысы Абу Убейде, Акса телекөрсөтүүсүнө берген маалыматында, Месжид-и Аксаны жана палестиналык туткундарды коргоо үчүн башталган «Акса топону» чабуулунун уланып жатканын айтты.

Чабуулдан улам Израилдин терең кризиске кабылганын белгилеген Абу ондогон израилдик туткунга алынганын жана «Израилдик туткундардын саны Нетаньяху ойлогондон бир нече эсе көп» деп ырастады.

Израилдик туткундардын Газа тилкесинде бардык жерде бар экенин белгилеген Абу Убейда Израиль Газа калкына эмне кылса, израилдик туткундарга да ошондой кылынарын белгиледи.

Нетаньяхунун коркутууларына ишарат кылган Абу Убейде: «Силер биздин алдыбызда чегирткедей кулаган, жүздөгөн курал-жарактарын жана танкаларын биздин каршылык көрсөтүүбүздүн алдына таштап качкан армия менен коркутуп жатасыңарбы?»-деп айтты.

Ошол эле учурда Хамас блокададагы Газа тилкесинин айланасындагы Израилдин 7 башка пунктунда куралдуу элементтерин согушкерлер жана ок-дарылар менен бекемдегенин жарыялады.

Иззеддин Кассам бригадасынын билдирүүсүнө караганда, палестиналык куралдуу күчтөр Израилдин ичиндеги аймактарга түнү жана эртең менен кирүүсүн улантты.

Билдирүүдө Израилдин Офаким, Сдерот, Яд Мордехай, Кфар Аза, Беэри, Йете жана Киссуфим отурукташкан жерлериндеги палестиналык куралдуу элементтердин ок-дары жана кошумча күчтөр менен бекемделиши жана кагылышуулардын уланганы билдирилди.

Кассам бригадалары дагы бир билдирүүсүндө Израилдин Газадагы жарандык үйлөрдү бутага алганына жооп катары Сдерот отурукташуу жерине 100 ракета атылганын билдирди.

Иззеддин ал-Кассам бригадасынын басма сөз катчысы Абу Убейде чабуулардын улана турганын белгилеп, «Бүткүл элди жана үммөттү бул күрөшкө кошулууга» чакырды.



Тектеш кабарлар