Израиль Хамас баштаган кол салууларда кеминде 22 кишинин каза болгондугун билдирди

Израилдик жетекчилер  каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсызданууда.

2047618
Израиль  Хамас баштаган кол салууларда кеминде 22 кишинин каза болгондугун билдирди

Израилдин Улуттук өзгөчө кырдаалдар кызматы (MDA) Хамас баштаган кол салууларда кеминде 22 кишинин каза болгонун жарыялады.

Израилдик жетекчилер  каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсызданууда.

Израилдин Саламаттыкты сактоо министрлиги кол салууларда  545 жаралуунун ооруканаларга жаткырылгандыгын жарыялады. 

Израилдин Кызыл Давуд Жылдызы чукул жардам кызматы да кол салууларда 70тен ашуун кишинин оор жаракат алганын билдирди.Эки тез жардамдын куралдуу кишилер тарабынан конфискациялангандыгын жана израилдик бир медицина кызматкеринин өлтүрүлгөндүгүн билдирди. 

Израилдин коргоо күчтөрү (IDF) Хамастын "Акса топону" операциясына каршы «Темир кылычтар» операциясынын башталганын жарыялады.

Израиль коргоо күчтөрүнүн басма сөз катчысы Даниел Хагари Израилдин аймагына 2200дөн ашуун ракетанын атылганын, Хамас тарабынан  абадан, деңизден жана кургактыктан  кирүүгө аракет кылганын билдирди.

Израилдин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (KAN) кабарына караганда, коргоо министри Йоав Галлант запастагы аскерлерди кызматка чакырган жарлыкка кол койду.

Галлант Газа тилкесинин айланасындагы 80 километр радиуста жайгашкан аймакты аскердик аймак деп жарыялады.

Галлант : "ХАМАС бүгүн эртең менен чоң ката кетирип, Израилге каршы согуш баштады. Израилдин коргоо күчтөрү бардык инфильтрация пункттарында душманга каршы күрөшүүдө.  Израиль бул согушта жеңет", - деди.

Израиль армиясынын басма сөз катчысы Газа тилкесине жасаган аба операцияларынын сүрөттөрүн X социалдык медиа эсеби аркылуу жарыялады. Армиянын басма сөз катчысы Газада Хамаска таандык 17 аскердик комплексти жана 4 операция борборун бутага алганын билдирди. Командирлердин биринин Хамас тарабынан туткунга алынганы тууралуу билдирүүлөрдөн кийин Израиль армиясынын басма сөз катчылыгынан «көп сандаган кабар алышкандарын бирок аны тастыктай алышпайт» деген билдирүү жасады.

Израиль улуттук коопсуздук министри ашыкча оңчул экстремист Итамар Бен - Гвир да укук коргоо күчтөрүнө кошумча ыйгарым укуктарды берген  "жарандык өзгөчө кырдаалдын" жарыялангандыгын билдирди. 

Бен-Гвир "жарандык өзгөчө кырдаал" менен бирге  ыктыярдуу полициянын санын көбөйтүү буйругун берди. 

Израиль полициясынын басма сөз катчысы да Газанын айланасындагы Израиль конуштарындагы жарандардан сыртка чыкпоону  талап кылды. 

Полиция башчысы Коби Шабтай палестиналык куралдуу топтор кирген жерде "аймактан аймакка илгерилеп, айрымдарын таасирсиз кылганын" билдирди.

Израиль оккупациялаган Батыш Шериадан Чыгыш Иерусалимге кирүү жана чыгууларды жапканы билдирилди.

Палестинанын расмий WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Израиль Батыш Шерианын айрым  аймактарына   өтүүчү жолдорду да жапты.

Гаарец гезитинин Израиль полициясына таянып берген кабарына караганда 60ка жакын куралчан палестиналыктын Израиль аймагына кирген.

Армиянын радиосу өлкөнүн түштүгүндөгү Шаар ХаНегев шаарынын мэри Офир Либштейндин палестиналыктар менен болгон куралдуу кагылышта каза болгондугун жарыялады.

Израилдин президенти Исаак Херцог X социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө: «Израиль кыйын мезгилден өтүп жатат",- деп   израилдиктерди армия күчтөрүнүн көрсөтмөлөрүн угуп, өз ара ишенимди жана сабырдуулукту көрсөтүүгө чакырды.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги да Х социалдык медиа эсебинен  берген билдирүүсүндө Хамастын инфильтрация операциясы менен кол салуу астында экендерин билдирди. 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге карата видео кайрылуусунда жарандарды эскертип : "Согушуп жатабыз. Бул бир операция же өз ара кол салуу эмес,  согуш",-  деди.

Нетаньяху коопсуздук бөлүктөрү менен өткөргөн жыйындан кийин блокада астындагы Газа тилкеси жана айланасында палестиналык куралдуу топтор кирген Израиль орутукташуу жерлерин "тазалоо" буйругун бергендигин белгиледи. 

Израилдин премьер  - министри запастагы жоокерлерди чакыруу жана «душманга каршы күчтүү түрдө күрөшүү» боюнча көрсөтмө бергендигин белгиледи.

 



Тектеш кабарлар