Германия Украинага Патриот берет

Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусунан кийин билдирүү жасады.

2047315
Германия Украинага Патриот берет

Германия Украинага кыш айларында "Патриот" абадан коргонуу системасын берүүнү убада кылды.

Германиянын канцлери Олаф Шольц кечээ Испаниянын кожоюндугунда Гранадада өткөн Европа саясий шериктештигинин (АСТ) жыйынынын алкагында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусунан кийин билдирүү жасады.

Жыйында Орусиянын Украинага кол салуусунун эң маанилүү темалардын бири болгонун белгилеген Шольц, бул жерде Украинанын көз карандысыздыгын жана эгемендигин коргоосуна колдоо көрсөтүүнүн кантип улана аларынын сүйлөшүлгөнүн айтты.

Германиянын Украинанын артында турганын жана өлкөнү колдогонуна басым жасаган Шольц, Германиянын Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) кийин Украинаны эң көп колдогон экинчи өлкө экенин белгиледи.

Германиянын Украинага мурда да "Patriot" абадан коргонуу системасын бергенин эске салган Шольц: "Бул жерде Украинанын президентине кыш айлары үчүн дагы бир системаны беребиз деп айттым»,- деди. 

Украинанын Германиядан сураган «Taurus» тибиндеги канаттуу ракеталардын эмне үчүн берилбегени суралганда Шольц, согушту күчөтүүнү жана кагылышуунун бир бөлүгү болууну каалабагандарын дагы бир жолу кайталады.



Тектеш кабарлар