Бельгияда тыюу салууга каршы демонстрация

Нааразылык акциясына STIB, De Lijn жана TEC коомдук транспорт компаниялары да катышкандыктан Брюсселде жол кыймылы үзгүлтүккө учурады.

2046861
Бельгияда тыюу салууга каршы демонстрация

Бельгиянын борбору Брюсселде миңдеген адамдар нааразылык акциясын өткөрүү укугун чектеген федералдык өкмөттүн мыйзам долбооруна каршы демонстрацияга чыгышты.

Өлкө боюнча профсоюздар менен ар кайсы уюмдардан миңдеген адамдар федералдык юстиция министри Винсент Ван Кикенборн тарабынан сунушталган, баш аламандык чыгаруу максатында нааразылык акцияларына катышкан адамдарды аныктоого жана алардын кайра катышууга жол бербөөгө багытталган мыйзам долбооруна каршы чыгышты.

Ботаникалык бульварга чогулган эл шаардын борборундагы унаа кыймылы үчүн жабылган көчөлөрдү аралап, Квикенборндун кеңсеси жайгашкан имаратка чейин басышты.

Нааразылык акциясына STIB, De Lijn жана TEC коомдук транспорт компаниялары да катышкандыктан Брюсселде жол кыймылы үзгүлтүккө учурады.



Тектеш кабарлар