АКШлык өкүл ПКК/ЙПГ суроолоруна комментарий бере алган жок

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын орун басары Ведант Пател маалымат жыйынын өткөрдү.

2046449
АКШлык өкүл ПКК/ЙПГ суроолоруна комментарий бере алган жок

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаменти, террордук уюм катары аныкталган ПККга каршы күрөштө НАТО шериктеши Түркиянын жанында экенин белгилеп, бирок ЙПГ тууралуу комментарий берүүдөн оолак болду.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын орун басары Ведант Пател маалымат жыйынында бир журналисттин: «Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан жекшемби күнү борбор калаа Анкарада террордук кол салууга аракет кылган эки ПКК/ЙПГ террористинин Сириядан келгенин айтты. Ошондой эле жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Ирак жана Сириядагы объектилеринин мыйзамдуу бута экенин билдирди. Бул темада жообуңуз барбы?" деген суроосуна жооп берди.

Пател бул темага байланыштуу жообунда: «Америка Кошмо Штаттары тарабынан Чет элдик террордук уюм катары аныкталган ПККга каршы күрөшүндө НАТО шериктешибиз Түркиянын менен түрк калкынын жанындабыз»,- деп айтты.

Пател террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ менен байланышы тууралуу комментарий берүүдөн оолак болуп, ЙПГ Түркияга коркунуч туудурабы деген суроону жоопсуз калтырды.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 1-октябрда Анкарада болгон терактты уюштурган эки террористтин Сириядан келгенин билдирип: «Чалгындоо жана коопсуздук күчтөрүбүз тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Сириядан эки террорист келип, бул жерде (Сирияда) машыгуудан өткөнү белгилүү болду», - деген.

Министр Фидан: «Өзгөчө Ирак жана Сирияда ПКК/ЙПГга тиешелүү бардык инфраструктуралар жана энергетика объектилери мындан ары коопсуздук күчтөрүбүздүн, куралдуу күчтөрүбүздүн жана чалгындоо элементтерибиздин мыйзамдуу бутасы. Үчүнчү тараптарга ПКК/ЙПГ объектилеринен жана жеке адамдардан алыс болуусун сунуштайм»,-деп билдирген болчу.



Тектеш кабарлар