Францияда Марселде да төшөк курту чыкты

Улуттук басма сөздөгү маалыматтарга караганда Марселде бир орто мектепте төшөк курттарынын чыгышы менен окуучулар үйлөрүнө жиберилди.

2046181
Францияда Марселде да төшөк курту чыкты

Францияда борбор шаар Парижден кийин Марселде да төшөк курту чыкты. 

Улуттук басма сөздөгү маалыматтарга караганда Марселде бир орто мектепте төшөк курттарынын чыгышы менен окуучулар үйлөрүнө жиберилди. 

Мектеп келерки жумага чейин жабылып, окуучлуар бул жумада сабактарга онлайн катышат. 

Бул жумада мектеп имаратын дарылоо иштеринен кийин окуучлура  9 -  октябрда сабактарын кайрадан бетме  - бет улантышат. 

Парижде кинотеатр залдарынан кийин метродо ортого чыккан төшөк курту маселеси  шаардын тургундары үчүн  чоң маселеге айланды. 

Төшөк курту маселеси  өлкөнүн күн тартибинен орун алып, бийлик  муну менен күрөшүү үчүн декабрь айында парламентке мыйзам долбоорун сунуштай тургандыгын жарыялады. 

 

 



Тектеш кабарлар