Польшадагы текшерүүлөр

Польшанын PAP агенттигинин кабарына караганда, текшерүүлөр 10 күнгө созулат бирок бул мөөнөт узартылышы мүмкүн.

2045627
Польшадагы текшерүүлөр

Польшанын ички иштер министри Мариуш Камински, өлкөсүнүн Словакия чек арасында убактылуу текшерүүлөрдү жүргүзүү чечимин кабыл алганын билдирди.

Польшанын PAP агенттигинин кабарына караганда, текшерүүлөр 10 күнгө созулат бирок бул мөөнөт узартылышы мүмкүн.

Министр Камински өз билдирүүсүндө, Словакия чек арасындагы убактылуу текшерүүлөрдүн бүгүн түн ортосунан тарта кайра башталаарын айтты.

Кээ бир чет элдиктердин Польша аркылуу Германия жана башка Европа Биримдиги өлкөлөрүнө өткөнүн белгилеген Камински, акыркы эки жумада 551 мыйзамсыз мигранттын кармалганын маалымдады.

Польша 2022-жылдын октябрында миңдеген мигранттар өлкөнүн аймагына кирүүгө аракет кылгандыктан Беларусь чек арасына тикенек зым менен жабылган беш метрлик темир тосмодон турган 186 чакырымдык тосмо курган.

Кошумчалай кетсек, июнь айында Польша-Беларусь чек арасындагы дубалга камералар, жылуулук камера жана сенсорлордон турган электрондук тосмо кошулган.



Тектеш кабарлар