Ираклий Гарибашвили : Россия оккупацияга алган аймактарды бошотуу негизги маселебиз
Гарибашвили Абхазия согушунун аякташынын 30 жылдыгына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Грузиянын жеринин бүтүндүгү тууралуу маселелердин уланып жатканын эске салды.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили : "Россия оккупацияга алган аймактарды бошотуу жана өлкөбүздү бириктирүү мамлекетибиздин жана коомубуздун башкы маселеси болууну улантууда», - деди.
Гарибашвили Абхазия согушунун аякташынын 30 жылдыгына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Грузиянын жеринин бүтүндүгү тууралуу маселелердин уланып жатканын эске салды.
Абхазия согушу мындан 30 жыл мурун, 1993 - жылдын 27 - сентябрында аяктаганын эске салган Гарибашвили сөз болуп жаткан согуш өлкөнүн жаңы тарыхында трагедиялуу окуя катары катталгандыгын айтты.
Гарибашвили Абхазия согушу өлкөдө кетпес из калтырганын баса белгилеп : "Этникалык тазалоо жүз миңдеген адамдарды өз жерин таштап кетүүгө мажбурлап, көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн кыйды. Россия басып алган аймактарды бошотуу жана өлкөбүздү бириктирүү мамлекет жана коомубуздун негизги маселеси болууда",- деди.
Премьер-министр Грузиянын аймактык бүтүндүк маселесин тынчтык жолу менен чечүү аракетинде экендигин белгилеп : "Өкмөтүбүз бул жолдо чечкиндүүлүк менен алдыга жылып баратат, анткени биз абхаз жана осетин боордошторубуз менен бирдиктүү, күчтүү жана өнүккөн өлкөнү куруу үчүн тынчтыктын негиз болоруна чын жүрөктөн ишенебиз",- деди.
Гарибашвили : "Келечектин абхаз жана грузиндерге биримдик, тынчтык алып келерине ишенем",- деп айтты.