Араб уруулары Дейр-эз-Зордо кайра операция жүргүзө баштады

Араб уруулары Зийбен, Тайяне жана Элрагиб кыштактарын террордон тазалашты.

2042036
Араб уруулары Дейр-эз-Зордо кайра операция жүргүзө баштады
deyrizor.jpg

Жикчил террордук уюмдун кысымы астындагы араб уруулары Сириянын Дейр эз-Зор облусунун чыгышында ПКК/ЙПГга карай кайрадан баштаган операцияда 3 айылды басып алуудан бошотту.

Араб уруулары Зийбен, Тайяне жана Элрагиб кыштактарын террордон тазалашты.

Сириянын чыгышындагы Дейр эз-Зордо араб уруулары менен ПКК/ЙПГ террористтеринин ортосунда болжол менен 2 жумалык тыныгуудан кийин эртең менен кайрадан кагылышуу башталды.

Кагылышуу болгон аймакка көп сандаган террористти жөнөткөн ПКК/ЙПГ операциянын башка аймактарга жайылуусунун алдын алуу үчүн араб уруулары жыш жашаган Сабха, Эбрехийе, Бусайрийе, Шахиил, Багөз жана Зийбан айылдарына «коменданттык саат» киргизди..

Бул айылдарда мындан 2 апта мурда катуу кагылышуулар болгон.

Араб уруулары 27-августтан 13-сентябрга чейин жүргүзгөн операцияларында Дейр эз-Зор, Ракка жана Хасеке облустары менен Халептин Манбиж райондорунда 33 айылды террордон тазалады.

Бирок жикчил террордук уюмдун кол салууларынын натыйжасында жарандардын курман болушуна жол бербөө үчүн арабдар бул айылдардан чыгып, АКШ менен сүйлөшүү столуна отурушту.



Тектеш кабарлар