Азербайжан : "Ханкенди шаарында атайылап өрттөр чыгарылууда"

Азербайжандын Ички иштер министрлиги Карабах аймагынын Ханкенди шаарында армяндар тарабынан атайылап өрт чыгарылгандыгын жана административдик архивдердин өрттөлүп жок кылынгандыгын билдирди.

2041156

Министрликтин билдирүүсүндө Карабахта жүргүзүлгөн антитеррордук операциядан кийин бардык аймактардын толук көзөмөл жана байкоого алынганы маалымдалды.

Билдирүүдө : «Ханкенди шаарында каршы тараптын атайылап өрт чыгарып,  ар кандай административдик имараттардагы документтерди, далилдерди жана архивдерди жок кылгандыгы байкалууда»,- деп айтылды.  

Россиянын Тынчтык күчүнөн жасалган билдирүүдө мыйзамсыз армян күчтөрүнүн орус аскер кызматкерлеринин көзөмөлүндө курал жана ок -дарыларын тапшыра баштагандыгы жана позицияларын таштап кеткени билдирилди.

"Учурда 800дөн ашык мылтык, граната, миномёт, танкка каршы жана зениттик ракеталар жеткирилди", — деп айтылды маалыматта.

Азербайжан армиясы конституциялык түзүлүштү орнотуу үчүн 19 - сентябрда Карабахта антитеррордук операция баштаган.

Карабахтагы  Армениянын мыйзамсыз  куралдуу күчтөрү болжол менен 24 саатка созулган операциядан кийин куралдарын таштаган.

Тектеш кабарлар