Байден : "Абрамс танктары Украинага тапшырылат"

Байден жубайы Жилл Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийди жана жубайы Олена Зеленскаяны Ак үйдө тосуп алды.

2040803
Байден : "Абрамс танктары Украинага тапшырылат"

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден АКШнын биринчи Абрамс танктарынын келерки аптада Украинага жеткириле турганын билдирди.

Байден жубайы Жилл Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийди жана жубайы Олена Зеленскаяны Ак үйдө тосуп алды.

Украин элинин көрсөткөн эрдигин мактаган Байден Россиянын президенти Владимир Путиндин Украина менен НАТОну жок кылам деген көз карашында жаңылгандыгын  айтты.

Байден АКШнын шериктештери жана өнөктөштөрү менен Украинанын аймагын кайтарып алуу үчүн гуманитардык жардам жана аскердик колдоо көрсөтүүнү уланта тургандыгын баса белгиледи.

Украинанын эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөткөн адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты колдой тургандыктары тууралуу билдирүүнү кайталаган Байден, Россиянын тынчтыкка тоскоол болуп жатканын жана кааласа согушту бүгүн бүтүрө аларын белгиледи.

Байден анын ордуна Россиянын Иран менен Түндүк Кореядан көбүрөөк курал сатып алууну көздөп жаткандыгын айтты.  

АКШнын Украинага жаңы 325 миллион долларлык аскердик жардамын жарыялаган Байден, пакетте ок-дары жана жабдуулардын бар экенин билдирди.

Байден : "Кийинки аптада АКШнын биринчи "Абрамс" танктары Украинага жеткирилет",-  деди.

Зеленский да АКШга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, түшүмдүү жолугушуу өткөргөнүн белгиледи.

Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, кыш мезгилинде абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүү жана дан экспорту сыяктуу темаларда белгилүү кадамдар боюнча макулдашкандарын белгилеген Зеленский, тынчтык формуласынын үстүндө иштөөнү уланта тургандарын айтты.

 



Тектеш кабарлар