Ливияга 24 өлкөдөн 59 жардам учагы барды

Борбордук Жер Ортолук деңизинде таасирдүү болгон «Даниел бороону» 10 - сентябрда Ливиянын чыгышындагы Бенгази, Бейда, Мерк, Сусе жана Дерна шаарларында селдин жүрүшүнө себеп болгон.

2040395
Ливияга 24 өлкөдөн 59 жардам учагы барды

Ливиянын чыгышындагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам үчүн ушул убакка чейин 24 өлкөдөн жалпы 59 жардам учагынын баргандыгы билдирилди.

Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнө  караштуу «Биздин Өкмөт» аттуу фейсбук баракчасында жарыяланган маалыматта  өлкөгө 24 өлкөдөн жардамдын баргандыгы, жалпысынан 59 учак жана 6 гуманитардык жардам кемесинин өлкөгө жеткени белгиленди. 

"Акыркы болуп түрк Кызылайы 150 тоннадан ашуун түрдүү жардам материалдарын жеткирди",- деп айтылшан маалыматта сауд Арабиядан  90 тонна азык  - түлүк жана калкалоочу материалдарды ташыган 5 - учактын, Кувейттен 10 тонна азык - түлүк жана чукул жардам материалдарын ташыган 7 - учактын өлкөгө баргандыгы белгиленди.

Ливияга жардам ташыган башка өлкөлөр тууралуу маалымат берилген жок.

Борбордук Жер Ортолук деңизинде таасирдүү болгон «Даниел бороону» 10 - сентябрда Ливиянын чыгышындагы Бенгази, Бейда, Мерк, Сусе жана Дерна шаарларында селдин жүрүшүнө себеп болгон.

Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн премьер - министри Абдулхамид Дибейбе селден улам 11 - сентябрда өлкө боюнча 3 күндүк аза күтүү жарыялап, Ливиянын Президенттик кеңеши селден жабыркаган аймактар ​​үчүн бир тууган өлкөлөргө жана эл аралык мекемелерге жардам берүү чакырыгын салган.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун басма сөз катчысы Тарик Жасаревич кечээ Ливияда селден 3 миң 998 кишинин каза болгонун, 8 - 9 миң кишинин азыр да дайынсыз экенин жарыялады.

 

 



Тектеш кабарлар