АКШда башкы штабынын төрагалыгына Чарльз "CQ" Браун дайындалды

Сенат 83 добушка  каршы 11 добуш менен Браунду өлкөнүн башкы штабынын төрагасы болуп дайындалышын бекитти.

2040410
АКШда башкы штабынын төрагалыгына Чарльз "CQ" Браун дайындалды

АКШ сенаты кызмат мөөнөтү акырына чыккан башкы табдын төрагасы армиянын генералы Марк Милленин ордуна  генерал Чарльз "CQ" Браунду дайындоону жактырды.

Сенат 83 добушка  каршы 11 добуш менен Браунду өлкөнүн башкы штабынын төрагасы болуп дайындалышын бекитти. 

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин  бекитүүдөн кийин Браунду  жазуу түрүндөгү билдирүү менен куттуктады. 

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон)  10 -  июлда бул жылдын акырына чейин армиядагы 650 лидерлик позициясынын бошой тургандыгын жана ушул күнгө чейин 365 генерал жана адмиралдын дайындалууну күтүп жаткандыгын жарыялаган. 

АКШда мыйзам боюнча администрация тарабынан сунушталган бардык талапкерлер Сенаттын макулдугун алышы керек.

 



Тектеш кабарлар