БУУдан Идлибге гуманитардык жардам

БУУнун жардамын ташыган 17 фура Хатайдын Рейханлы районундагы Жилвегөзү чек ара капкасынан өттү.

2039515
БУУдан Идлибге гуманитардык жардам

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) болжол менен 2,5 айдан кийин Сириянын Идлиб облусуна 17 фура гуманитардык жардам жеткирди.

БУУнун жардамын ташыган 17 фура Хатайдын Рейханлы районундагы Жилвегөзү чек ара капкасынан өттү.

Жардамга окуу буюмдары, тамак-аш, чатыр, медициналык жана гигиеналык каражаттар кирет.

Унаалардагы гуманитардык жардам материалдары Идлиб шаарынын борборунда жана айыл жерлеринде муктаж болгондорго таратылат.

БУУнун жардам берүү механизминин кызмат мөөнөтү 10-июлда аяктагандан кийин Сириянын түндүк-батышына эч кандай жардам жөнөтүлгөн эмес.



Тектеш кабарлар