БУУ Ливиядагы селде каза болгондордун санын жаңылады

Бириккен Улуттар Уюму Ливиядагы сел апаатында 3 миң 958 кишинин каза болгонун билдирди.

2039357
БУУ Ливиядагы селде каза болгондордун санын жаңылады

Бириккен Улуттар Уюму Ливиядагы сел апаатында 3 миң 958 кишинин каза болгонун билдирди.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA) Ливиядагы сел апаатына байланыштуу 16 - сентябрда жарыялаган отчетунда 11 миң 300 деп жарыялаган каза болгондордун санын 3 миң 958ге жаңылады.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин жаңы отчетунда Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмуна таянып берилген маалыматтарга караганда Ливиянын чыгышындагы сел апаатында 3 миң 958 кишинин каза болгону, 9 миңден ашуун кишинин да дайынсыз жоголгону белгиленди.

Издөө - куткаруу иштеринин уланып жатканы жана бул сандардын дагы өсүшү күтүлүп жатканы белгиленди.

БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюмунун (МОМ) маалыматына ылайык, өлкөнүн түндүк - чыгышында 40 миңден ашуун адам жер которгон.

Дерне шаарында кеминде 30 миң киши жер которгон.

БУУнун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) таянган маалыматтарда Ливияда селден жабыркаган 300 миңдей баланын ич өткөк, холера жана начар тамактануу, ошондой эле зордук - зомбулук жана кыянатчылыкка кабылуу коркунучунун бар экендиги белгиленди.

Селден кийин Ливия үчүн БУУнун Борбордук өзгөчө кырдаалдар фондунан (CERF) шашылыш түрдө 10 миллион доллардын бөлүнгөнү, андан кийин 71,4 миллион долларлык «шашылыш жардам» чакырыгынын жасалганы эске салынды.

Ливияда 884 миң кишинин жардамга муктаж экени билдирилип, алардын ичинен 250 миңинин чукул муктаждыктарын камсыз кылуунун максатталгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар