Ливиядагы абал

Ливиядагы сел жана суу ташкындарынан улам жардам берүү үчүн аймакка барган эл аралык топтун жолдо кырсыкка учураганы кабарланды.

2038578
Ливиядагы абал

Сел апаатынан жапа чеккен Ливияда эл аралык жардам тобу кырсыкка учурап 7 киши каза болду.

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD) Ливиядагы сел жана суу ташкындарынан улам жардам берүү үчүн аймакка барган эл аралык топтун жолдо кырсыкка учураганын кабарлады.

Селден эң көп жабыркаган Дернага барган Грециянын издөө куткаруу тобун ташыган автобус кырсыкка учурады. Кырсыкта 4ү Грециянын куткаруу тобунан жана 3ү ливиялык 7 киши каза тапты.

Бир тараптан Ливиядагы сел апаатынан каза болгондордун санына байланыштуу карама-каршы билдирүүлөр айтылууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык жардамдарды координациялоо кеңсеси селден 11 миң 300 кишинин каза болгонун, 10 миңден ашуун кишинин дайынсыз жоголгондугун жарыялаган. Бирок Ливиянын Кызыл Жарым Ай коомунун басма сөз катчысы Тевфик Шүкри бул маалыматты четке какты. Шүкри сел апаатында каза болгондордун саны тууралуу так маалымат берген жок. Расмий көрсөткүчтөр бул сандын 6 миңге жакындагандыгын көрсөтүүдө.

Адистер аймактагы эпидемия коркунучуна да көңүл бурушууда.

Ливиядагы апааттан улам дайынсыз жоголгон миңдеген адамдарды издөө иштери уланып жатканда, көчөлөр да тазаланууда.

Өлкөгө эл аралык жардамдардын келүүсү да уланып жатат.

Түркиядан жөнөтүлгөн толук жабдылган 2 тез жардам унаасы Ливия бийлигине тапшырылды.

Сауд Арабия менен Кувейт да Ливиядагы селден жабыркагандарга азык-түлүк жана медициналык жардам ташыган жардам учагын жөнөттү.

Борбордук Жер Ортолук деңизине таасир эткен жана 10-сентябрда Ливиянын чыгышын каптаган «Даниэль» бороону Бенгази, Бейда, Марж, Сусе жана Дерна шаарларында селге себеп болгон.



Тектеш кабарлар